Талас облусунун 30 жаштагы тургунун тинтүү учурунда баңгизат табылды

Бул тууралуу Булак.кжге ИИМден кабарлашты.

Буга чейин, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыштуу түзүмдөр менен тыгыз байланышта болгон белгилүү топ борбор калаада баңгизат сатып жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул топтун катышуучуларынын бири жаран А.уулу Н. уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турганы аныкталган.


Топтолгон материалдардын негизинде, аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүмү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.


2022-жылдын ноябрында ИИМдин КИББнын Бишкек шаары боюнча УКККБнын кызматкерлери Атайын багыттагы полктун атайын операциялар отрядынын жоокерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан козголгон кылмыш иштин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.


Көрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Талас облусунун 1992-жылы туулган тургуну А.уулу Н. тинтүү учурунда өзгөчө жыты бар кочкул-жашыл түстөгү жалпы салмагы 22 граммды түзгөн гашиш баңгизаты табылып, тергөө кызматына тапшырылган.
Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

YouTube video