Милиция кызматкерлери Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен жолугушууда

Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.

WhatsApp Image 2022 11 21 at 11.11.44 Милиция кызматкерлери Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен жолугушууда
Кызыл-Кыя ШИИБдин милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору милициянын көчмө кабылдамасын колдоо ассоциациясынын өкүлү жана Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Ак-Булак, Совхоз айылдарында тургундары менен жолугушуп, шаар аймагындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктарга жол бербөө, ошондой эле үй-мүлктөрүнө сак болуу, жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо максатында аларга көзөмөлдү жүргүзүүнү, андан сырткары  ысырапкерчиликке бөгөт коюу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.  

 Ошондой эле, Совхоз айылында жайгашкан Гулматов атындагы орто мектептин окуучуларына мектеп рэкетин болтурбоо, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
    Милициянын көчмө кабылдамасы Ак-Булак, Совхоз айылдарын кыдырып,  социалдык мааниде 4 арызды кабыл алып, аны тиешелүү мекемеге жөнөттү.


WhatsApp Image 2022 11 21 at 11.11.44 2 Милиция кызматкерлери Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен жолугушууда