Дайырбек Орунбеков: Жапаровдун ден соолугу жакшы

«Акылбек Жапаровдун ден соолугу начарлап, чет өлкөгө атайын учак менен кетти» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Акылбек Жапаровдун саламаттыгы жакшы, бүгүн эртең менен аппараттык кеңешме өткөрүп, андан соң Жогорку Кеңештеги жыйынга катышканын билдирем»,— деп жазган ал.