Орунбековдун жазгандары анын сабатсыз экенин билдирет, – “Бүтүн Кыргызстан”

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы президенттин администрациясынын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун президенттин Өзгөндө эл менен жолугушуусу тууралуу түшүндүрмөсүндөгү «жолугушууда Адахан Мадумаровдун тарапташтарына чейин сөз берилди» деген сөзүн сынга алды.

Партиядан белгилешкендей, президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков тараткан билдирүүсү анын компетентсиз жана сабатсыз экендигин билдирет.

«Бүгүн, 4-октябрь күнү Ош облусунун Өзгөн районунда президент жана Жогорку Кеңешинин депутаттары «Кемпир-Абад» суу сактагычынын айланасында болуп жаткан окуялар боюнча эл менен жолугушуусу өтүп жатат. Ал жолугушууга даярдалган адамдар алдын ала имаратка киргизилип, карапайым эл көчөдө калган.

Президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков жыйын өтүп жаткан учурда одоно түрдө элди бөлүп-жарып, жыйынга кирбей калган жарандарга, түз эфир аркылуу чагылдырып жаткан ЖМК өкүлдөрүнө ишенбөөгө чакырып, өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу тараткан маалыматы бүтүндөй элдин көңүлүн ирээнжитти», — деп айтылат маалыматта.

Партия Орунбековду элди “Мадумаровдун тарапташтары” деп бөлбөөгө чакырган.

«Урматтуу» азаматтар, силерге жана кожоюндарыңарга эл биринчи, экинчи, үчүнчү сорт же болбосо Мадумаровдун тарапташтары же башканын тарапташтары деп бөлүнсө, биз үчүн баары бир эл!», — деп билдирет партия.

Эскерте кетсек, коомчулукта «Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилди» деп айтылып жаткан маселе боюнча Өзгөндөгү райондук администрацияда президент Садыр Жапаров эл менен жолугушуу өткөрүүдө.

Ошол эле учурда имараттын алдында чогулган эл жыйынга каалоочулардын баары кире албаганын, киргендердин басымдуу бөлүгү «атайын дайындалган» кишилер экенин айтышкан. Алар имараттын ичиндеги орун аз болгондуктан чогулушту көпчүлүктүн катышуусунда стадиондо өткөрүү керектигин билдиришкен. Ал эми акимчиликтин алдында турган милиция кызматкерлери имараттын жыйын залы толуп калгандыктан, кире албай калгандар кийинки топ менен киргизилерин кабарлашкан.

Ошондой эле президенттин маалымат кызматынын башчысы жолугушуу тууралуу тушүндүрмө берип, чогулушка кире албай калгандар четинен киргизилерин, жолугушууда сөз сүйлөгөндөргө чектөө болбогонун, «депутат Адахан Мадумаров жана анын тарапташтарына чейин сөз берилген» билдирген.