Сауд Арабиядагы зыяратчылар менен болгон кырсыкка байланыштуу ТИМ билдирүү жасады

Сауд Арабиясындагы жол кырсыгынан каза болгон жана жабыркаган зыяратчылардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган маселе министрликтин көзөмөлүндө турат.

Эскерте кетсек, Сауд Аравия Падышалыгында зыяратчылар жол кырсыгына кабылган. Тактап айтканда, Меккеге бараткан автобус Асир шаарындагы көпүрөгө кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен 20 адам каза болуп, 29 адам жаракат алган.

Айрым маалымат каражаттары өз булактарына таянып, кырсыкка учураган автобустун ичинде Йеменден келген зыяратчылар болгонун жазып чыгышты.