«100 гектар берип коюптурмун» деген жердин 20 гектарын бериптир, – тургун

«Өзгөндөгү Кемпир-Абад боюнча жыйында жаңжал чыкты»,- деди жыйындан чыккан жергиликтүү тургун.

«Ташиевдин айтуусу боюнча, Кемпир-Абад 1960-жылы эле Өзбекстанга өтүп кеткен экен. Өтүп кетсе, өзбектер бизден сурабай эле тосуп коймок. Ошол үчүн бергиле деп жатат. Баягыда «100 гектар берип коюптурмун» деген жердин 20 гектарын бериптир. Президент дагы сүйлөдү.

Бирок ал дагы «картографтар айткан боюнча иш кылып жатабыз» деди. Кемпир-Абадды берип коюптур да.

Суунун астындагы өзбектердин жери дейт. Талаш-тартыш болуп, «дүжүр» чалдары ызылдап, жаңжал чыкты. Анан кийинкилер кирсин деп чыгарышты»,- деди ал.