Кыргызстанга соңку 10 күндө 6063 россиялык келди

21-сентябрдан 3-октябрга чейин Кыргызстанда Россиянын 6063 жараны каттоодон өттү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын сегиз айында Кыргызстанда Россиянын 170 миңдей жараны каттоодон өткөн.

Ал эми өткөн жылдын ушул эле аралыгында Кыргызстанда Россиянын 141 миң 323 жараны катталган.

Кошумчалай кетсек, Орусиядан Казакстанга 200 миңден ашуун орусиялыктар кирген. Алардын 70 миңи жеке идентификациялык номер алышкан.