Кемпир-Абад боюнча чагылдырган түз эфирлер белгисиз себептерден улам өчүрүлдү

Президент Садыр Жапаровдун Өзгөндө эл менен жолугушуусу учурундагы түз эфирлер социалдык тармактардан өчүрүлдү. Бул тууралуу T-Media менен Kloop басылмалары билдирди.

Маалыматка ылайык, «Т-Медианын» «Фейсбук» баракчасындагы Өзгөндөгү Кемпир-Абад боюнча элдин нааразычылыгын чагылдырган түз эфир белгисиз жагдайда өчүрүлдү. Ошол эле убакта түз эфирде жеринен алып берген журналисттин Фейсбук аккаунтуна чабуул жасалган.

«Азыр журналистибиз Фейсбук аккаунтуна кире албай жатат жана 1 саатка жакын видео өчүрүлгөн»,-деп жазды аталган агенттик.

Эске салсак, бүгүн, 4-октябрда Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн районуна иш сапары менен барып, райондук администрациясынын жыйындар залында чогулуш өткөрдү. Жыйынга келген элдин бир тобу кирип, калганы сыртта калган. Президентти башкы прокурор Курманкул Зулушев, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана депутаттар Адахан Мадумаров, Улукбек Ормонов, Элмурза Сатыбалдиев коштоп барган.