Жапаров Германиянын президенти менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКга билдирүү жасады

Садыр Жапаров бүгүн Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.

143857 1536x1015 1 Жапаров Германиянын президенти менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКга билдирүү жасады

Мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Учурдан пайдаланып, Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер мырза баштаган германиялык делегацияга ыраазычылык билдирем, меймандос Кыргызстан жерине кош келдиңиздер.

Бул сапар биздин өлкөлөр ортосундагы достукту жана кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө өбөлгө болору шексиз.

Бүгүн биз германиялык өнөктөштөрүбүз менен мазмундуу жана жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк.

Жолугушуунун жүрүшүндө биз конструктивдүү негизде жана достук маанайда Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын кеңири маселелерин талкууладык, ошондой эле саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттешүүнү бекемдөө боюнча мындан аркы биргелешкен кадамдарды белгиледик. Өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө даяр экенибизди билдирдик.

Биз 30 жылдан ашуун убакыттан бери ийгиликтүү кызматташып келебиз. Биздин байланыштарды узак мөөнөттүү достук байланыштар катары мүнөздөөгө болот. Биздин германиялык досторубузга Германиянын көмөгү менен өлкөдө ийгиликтүү ишке ашырылган жана иштеп жаткан долбоорлору үчүн терең ыраазычылык билдирем. Алар, албетте, биздин элибиз үчүн абдан маанилүү.

Кыргыз Республикасы Германия менен достук мамилелерди жогору баалайт жана аны бардык чөйрөлөрдө, өзгөчө актуалдуу эл аралык шарттарда, андан ары кеңейтүүгө багытталат. Кызматташтыктын конкреттүү багыттарын талкуулоо үчүн жогорку деңгээлдеги сапар алмашуу — конкреттүү кадамдардын бири болушу мүмкүн.

Германия Кыргызстан үчүн Европа багытындагы маанилүү соода-экономикалык өнөктөштөрдүн бири болуп саналат.

Акыркы жылдары биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 2,5 эсеге өстү. Мындан ары да биздин өлкөлөр ортосундагы тышкы соода жүгүртүүнү көбөйтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

2022-жылы эки өлкөнүн ортосунда биринчи жолу Кыргыз-Герман ишкер кеңеши түзүлүп, анын кезектеги жыйыны үстүбүздөгү жылдын ноябрында Германияда өтөт.

Кеңештин иши Кыргызстанга чет элдик инвестициялардын жана заманбап технологиялардын келишине олуттуу деңгээлде өбөлгө түзөт деп ишенебиз.

Кыргызстан сапаттуу жана экологиялык жактан таза агрардык продукцияны өндүрүүчү болуп саналаары эч кимге жашыруун эмес. Биз өз продукциябызды европалык рынокторго жеткирип жатабыз. Германиялык өнөктөштөрүбүз менен бул багытта дагы кызматташууну кеңейтүүгө даярбыз. Бул чаралардын баары биздин экономикалык байланыштарыбызды бекемдөөгө өбөлгө түзөрү шексиз.

Кызматташтыктын келечектүү багыттары катары биз энергиянын кайра жаралуучу булактары, «жашыл экономика», ошондой эле эмгек ресурстары жаатында өз ара аракеттенүү маселелерин аныктадык.

Албетте, биз гуманитардык мүнөздөгү маселелерди көз жаздымда калтыра алган жокпуз. Билим берүү жана жаштарды жумуш менен камсыз кылуу, заманбап технология жана илим, климат жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери да көңүл чордонунда болду.

Жалпысынан мен Германия менен Кыргызстандын өз ара пайдалуу кызматташууга болгон кызыгуусу өсүп жатканын белгилеп кетким келет. Ошол эле учурда биздин өлкөлөрдүн ортосунда эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн ишке ашпай келген чоң потенциалы бар. Мен Штайнмайер мырзага аны ишке ашыруу үчүн биргелешкен аракеттерди жасоону сунуштадым.

Мурдагыдай эле тышкы саясаттагы башка негизги багыт болуп Кыргызстандын Европа Бирлиги менен өз ара аракеттенүүсү саналат. Бул дагы биздин сүйлөшүүбүздүн темасы болду.

Мен кесиптешиме үстүбүздөгү жылдын 2-июнунда Чолпон-Ата шаарында өткөн ЕБ-Борбор Азия экинчи саммитинин жыйынтыктары жана Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель мырзанын Кыргызстанга сапары тууралуу маалымат бердим.

Акыркы жылдардагы динамика Борбор Азия регионунун мааниси өсүп жатканын көрсөтүүдө. Өлкөлүк жана региондук өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматтары жана аянтчалары түзүлүүдө.

Кыргызстан ар дайым ачык регионалдык кызматташтыкты жактап келген жана ушул принципти карманууну улантууда. Ачык чек аралар, ынак коңшулук жана кызматташтык принциптери биргелешкен ийгиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жана коопсуздуктун өбөлгөсү болуп саналаары анык.

Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, Германиянын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер мырзага Кыргызстанга жасаган сапары үчүн ыраазычылык билдирем жана биздин саясий диалогубуздун уланышына ишеним билдирем”.