“Бишкекте эс алган”. Ошто изделип жаткан бүтүрүүчү 20 күндөн кийин үйүнө келди

Дайынсыз жоголгон бүтүрүүчү А.Т. 20 күндөн кийин үйүнө кайтып келди. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өспүрүм 16-июнда милиция бөлүмүнө келип түшүндүрмө берген. 

Анын айтымында, ал достору менен эс алганы Бишкек шаарына кетип калган. Ал изделип жатканын билгенден кийин Ошко кайтып барган. Өспүрүм жакындарына кайда жүргөнү тууралуу айтууга убактысы жок болгонун билдирген.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал 27-майда саат 11:00 чамасында 2006-жылы туулган уулу бүтүрүү аземине кеткен боюнча дайынсыз экенин билдирген.