Бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу учурунда коомдук тартипти беш миң милиция кызматкери камсыздайт

ИИМдин берген маалыматында, 2023-жылдын 21-23-июнь күндөрү республика аймагында ички иштер органдарынын кызматкерлери жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтерди тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чараларын өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздашат.

“Өлкө ичинде орун алган жалпы билим берүү мекемелеринде, коомдук жайларда, көчөлөрдө милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшөт. Жогорудагы иш-чарага ылайык, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган атайын иш-мерчемдер түзүлүп, ага тартыла турган ИИОнун күч каражаттарынын эсеби такталды. Жалпы республика боюнча 5000 миңдей милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоого тартылат.
Эскертебиз, иш-чара өткөрүлүүчү күндөрү коомдук эс алуучу жайларда, калктуу аймактардан сырткары жайларда милиция кызматкерлеринин кайгуулдары күнү-түнү уюштурулуп, жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү ата-энелери менен биргеликте топтошуп көңүл ачуусуна бөгөт коюлат. Бул көрүлүп жаткан чаралар бүтүрүүчүлөрдүн ар кандай терс көрүнүштөргө аралашуусун, жол кырсыктарына дуушар болуусун алдын алууга багытталган”
, – деп айтылат маалыматта.


Жалпы иш-чарага тартылган ИИОнун кызматкерлеринин арасында мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоого багытталган нускалар өткөрүлдү.