Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы коррупциялык схемага тиешеси бар адамдар кармалды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы коррупциялык схемага тиешеси бар адамдар кармалганын УКМКдан билдиришти.

КР УКМК тарабынан мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин мурдагы орун басары И.Б.М. жана министрликтин Чүй облустук башкармалыгынын азыркы директору К.Т.К. кармалды.

“Бул кылмыш иши КР Кылмыш-жаза кодексинин 336 берененин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча «Кумтөр Голд Компани» ЖАК тарабынан жаратылышты коргоо долбоорлоруна бөлүнгөн каражаттарды максатсыз пайдалануу, коррупциялык схеманы уюштургандыгы боюнча, министрликтин кызмат адамдарына жана «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» коомдук фондунун жооптуу кызматкерлерине карата козголгон.

2023-жылдын 15-июнунда долбоорлорду кароо жана аларды бюджеттен каржылоо боюнча эксперттик комиссиянын туруктуу мүчөсү болуп, «Ак-Жол автодорожный» текшерип өткөрүү пунктунан К.Т.К. өлкөдөн чыгууга аракет кылуу учурунда кармалды”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, 2023-жылдын 18-июнунда анын милдеттерине долбоорлорду тандоо жана комиссиянын кароосуна коюу функциялары кирген эксперттик комиссиянын катчысы болгон И.Б.М. «Манас» эл аралык аэропортунан кармалды. Аталган адамдар, комиссиянын мүчөлөрү акча каражаттарын бөлүштүрүүдө мамлекеттин кызыкчылыгына каршы жеке долбоорлорду алардын жеке кызыкчылыгы болгон жерде киргизип турушкан, натыйжада аффилирленген чарба жүргүзүүчү субъекттерге өзгөчө ири өлчөмдөгү бюджеттик каражаттар мыйзамсыз бөлүнгөн жана эсептен чыгарылган. Бүгүнкү күндө, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде К.Т.К. жана И.Б.М. кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан ары бул ишке башка тиешеси бар адамдарды, ошондой эле келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

0e6a017f 9d73 4ed7 9fe0 93d14bdf7d6e Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы коррупциялык схемага тиешеси бар адамдар кармалды
2741f785 046d 42bb a0a0 8f96a9feea11 Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы коррупциялык схемага тиешеси бар адамдар кармалды
8f9a3295 f7f3 446a a20f 50ea6de5aabd Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы коррупциялык схемага тиешеси бар адамдар кармалды
827dc132 b583 4640 a7e1 8321d4f0961c Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы коррупциялык схемага тиешеси бар адамдар кармалды