Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 3 млн сомдук эки тоннадан ашык тамеки аныкталды

«Манас» аэропортунан баасы дээрлик 3 млн сомдук 2 тоннадан ашык контрабандалык жол менен ташылып келинген тамеки аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Манас» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргызстандын мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө, «А.Т.Т.» ЖЧКсы тарабынан КРнын салык мыйзамдарын бузуунун белгилери аныкталган.

Армениядан Кыргызстандын аймагына Түркия аркылуу транзиттик жол менен «А.Т.Т.» ЖЧКнын дарегине жалпы салмагы 2 399 кг — 850 миң даана тамеки келген.

Белгиленген факт боюнча мамлекеттик бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы 2 890 000 сомду түзгөн. Ошондой эле, «А.Т.Т.» ЖЧКсы акциздик маркаларды алуу үчүн салык органына кайрылбаганы аныкталды.

Факты тиешелүү органда катталып, материалдар КРнын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурасына жөнөтүлгөн.

foto gts 1 768x630 1 Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 3 млн сомдук эки тоннадан ашык тамеки аныкталды