Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз тамеки ташыгандар кармалды

Казакстанда Кыргызстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 1,3 млрд теңгелик (болжол менен 256 млн сом) тамеки кармалды. Бул тууралуу Казакстандын Каржы мониторингу агенттигинен билдиришти.

Маалым болгондой, тамеки коңшу мамлекетке темир жол аркылуу эки вагондо ташылып бараткан. Алардын тиешелүү коштомо документтери болгон эмес. Аталган жүктөн Казакстандын бюджетине 585 млн теңге (115,2 млн сом) акциздик жыйым төлөнүшү керек.

Учурда кылмыш ишинин алкагында ыкчма-тергөө иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алынат.