Баткенде 1,5 млн сомдон ашык аткезчилик жол менен ташылган тамеки алынды

Баткенде 1.5 млн сомдон ашык контрабандалык тамекилерди алып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Баткен» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү учурунда Баткен шаарында КР жараны «Т.Б.А.» башкаруусундагы «Mercedes-Benz 413» үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алышкан.

Бажы текшерүүсүндө унаанын жүк бөлүгүнөн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок 50 блоктон турган 25 куту «Esse Change» маркасындагы чыпкалуу тамекилер табылган.

Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товарлардын орточо базар баасы 1 562 500 сомду түзгөн.

Факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.