ВИДЕО: Ондатрды тепкен адамдын видеосу жарыяланды

Социалдык тармактарда белгисиз адамдын ондатрды тепкен учуру жарыяланган. Буга кайдыгер карабаган интернет колдонуучулар тургунду табууну жана жазалоону талап кылышууда.

Видеодо белгисиз адам ондатрга алгач тамак берип, андан кийин футболдук топ катары тепкенде, ал алыс ыргып, суунун ортосуна түшкөн. Аталган видеодо жаш баланын үнү угулууда.

Соцтармактарда бул видео көпчүлүктүн ачуусуна тийди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда ондатр жоголуп бараткан жаныбарллардын катарына кирет.