Токторбаев министрдин орун басарына: “Эл үчүн күйүп жатабыз, а силер тамекиге кетип жатасыңар”

Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында депутаттар экономика министринин биринчи орун басары Чоро Сейитовду катуу урушту.

Чиновник сурабай эле жыйындан чыгып кетип бараткан, аны комитеттин төрагасы Азизбек Турсунбаев токтотту: “Кайда барасың, бул жерде депутат сүйлөп атат, кетип баратат”, деп жини келди.

Өз кезегинде Сейитов микрофону жок эле депутатка себебин түшүндүрө баштады. Бирок Жеңишбек Токторбаев министрдин орун басарын урушуп салды.

“Биз бул жерде министрлер кабинети үчүн, эл үчүн күйүп жатабыз, а силер тамекиге кетип жатасыңар. Менин да чекким келип жатат. Сабыр кыл!” – деди жана министрдин орун басарлык кызматы боюнча маселени кароону сунуштады.

rg Токторбаев министрдин орун басарына: "Эл үчүн күйүп жатабыз, а силер тамекиге кетип жатасыңар"