Депутат: «Кыргызиндустрия» компаниясынын президенти — 170 миң сом алат, – видео

Өкмөт өндүрүш тармагын колдоо максатында бир жул мурун капиталы 1 миллиард сомду түзгөн Кыргыз индустрия мамлекеттик ишканасын ачкан. Натыйжада өлкөнүн өндүрүш тармагын алдыга жылдырып, гүлдөтчү ишкана жыл айланбай карызга батып, 1 миллиард сом асманга сапырылып кеткени маалым болду. 

Кыргыз индустрия мамлекеттик ишканасында болгону 65 кызматкер эмгектенет экен. Эмне иш кылышаары боюнча конкреттүү функциялары жок. Аткарган кызматтары бүдөмүк. Кызыгы, болгону 65 кызматкери бар ишкананын жетекчилери көп экени аныкталды. Башкача айтканда, 1 президент, 4 вице – президент, 1 аппарат башчы, 2 кеңешчи жана 1 жардамчы бар. 

Алар өздөрүнө көп суммадагы айлыктарды коюп алышкан. Президент 170.000 сом, вицелер 130.000 сом, кеңешчилери 120.000 сом, жардамчысы 90.000 сомдон айлык алышаары белгилүү болду. Депутат Жеңишбек Токторбаевдин маалыматы боюнча ишкана 1.5 жылдын ичинде 843 млн 543 миң сом каражат короткон. Бирок, бир тыйын киреше киргизген эмес. Мамлекеттен алган 1 млрд сомдун 843 млн 543 миң сомун 19 ишканага бөлүп берген. 54 млн 870 миң сомду Кыргыз индустриясы мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине айлык иретинде таркатылып берилген. Казынадан берилген 1 млрд сом максатсыз колдонулганы, учурда ишкана 300 млн сом карызга батып, кызматкерлер 3 айдан бери айлык алалбай жатканы айтылды.

Мамлекетке караштуу «Кыргызиндустрия» ААКтагы эмгек акынын көлөмүтууралуу депутат Жеңишбек Токторбаев («Ата Журт — Кыргызстан») айтып чыкты. Бул маалымат парламенттин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетинин 16-майдагы жыйынында айтылды.

YouTube video


Комитетте аталган мамлекеттик мекеменин ишмердүүлүгү жөнүндөгү отчет каралып,
компаниянын президенти Жарасул Абдураимов баяндама жасады. Жыйында депутат Ж.Токторбаев компаниянын жетекчилигинин, башкармалыктардын,
бөлүмдөрдүн башчыларынын жана серепчилердин эмгек акысынын көлөмүн айтты.
Депутаттын маалыматы боюнча, компанияда жалпы 65 кызматкер эмгектенет.


• «Кыргызиндустрия» компаниясынын президенти — 170 миң сом;
• «Кыргызиндустрия» компаниясынын 4 вице-президенти — 130 миң сом;
• «Кыргызиндустрия» компаниясынын президентинин кеңешчиси — 120 миң сом;
• «Кыргызиндустрия» компаниясынын президентинин жардамчысы — 90 миң сом эмгек
акы алат.
Башкармалык жана бөлүм башчылардын, серепчилердин эмгек акысы:
• инновациялык технологияларды ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы — 120
миң сом;

  • башкармалыктагы эксперт — 85 миң сом.
    • техникалык шарттар, экология, өндүрүштүк коопсуздук бөлүмүнүн башчысы — 90 миң
    сом;
  • эксперт — 85 миң сом;
    • өндүрүш объектилеринде инфраструктураны өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы — 90 миң
    сом;
  • эксперт — 85 миң сом эмгек акы алат
OIF 10 Депутат: «Кыргызиндустрия» компаниясынын президенти — 170 миң сом алат, - видео