Токторбаев Максүтовго: сизди абдан толуп кетти, байып дагы алды деп айтып жатышат

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев маданият, маалымат, жаштар саясаты жана спорт министри Алтынбек Максүтовдун ишин сынга алды.

Депутат маданият тармагындагы кемчиликтерди айтып жатып: “Сизди абдан толуп кетти, байып дагы алды деп айтып жатышат. Сиз иштесеңиз андай болбойт эле”, – деди.

Ал эми министр: “Ар кимдин организми ар кандай экен. Байлык боюнча сиз мени каралап жатасыз. Жөн эле кооздоп сүйлөй берген болбойт. Факты менен сүйлөш керек”, – деп жооп кайтарды.

Ал ортодо фракция лидери Бактыбек Сыдыков сөзгө аралашып, министрдин микрофону өчүп калды. Сыдыков: “Депутат менен айтышпаңыз, биз жардам берели деп жатабыз. Качан болсо силер үчүн биз чуркайбыз”, – деп кесиптешине болушту.