№132 кичи маршруттун айдоочусу мамыны сүзүп, жети адам жабыркады

Фото: bishnews

Бүгүн Бишкекте Манас проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишинде №132 кичи маршруттун айдоочусу мамыны сүзгөн. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, алдын ала маалымат боюнча, айдоочу өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкон.

Алдын-ала маалыматтар боюнча кырсыктын кесепетинен 7 адам жабыркаган.

Жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда.

Териштирүү иштери жүрүп жатат.