Депутат: “кыргыздын жигиттери чачын түйүп алып, ырдаган эмес”

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Ноорузда койгон концертин депутат Кундузбек Сулайманов сынга алды. Бул тууралуу ал, 16-июнда «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында билдирди.

“Нооруздагы концертиңерди көрдүк. Биздин ата-бабаларыбызда чачын түйгөн болгон эмес. Бизди дүйнө жүзү баа берип, көрүп жатат. Уят да. Нооруз деген мусулмандардын майрамы. “Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман” деп биз буга көңүл бурбай жатабыз. Бузуку жаштарыбызды интернеттен токтото албай жатабыз. “Мен экинчи аянтка барып концерт көрбөйм”, деген акындар чыгып жатат. Концертти уюштуруу иштерин ким карайт? Ошол жагы көзөмөлдөбөйсүңөобү?”, – деп нааразы болду Сулайманов.