Бычакталып каза болгон өспүрүмдүн классташы каза болду

Бишкекте 16 жаштагы өспүрүм асынып алды. Бул тууралуу айрым басылмалар укук коргоо органдарына таянуу менен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 13-июнда Бишкек ШИИББине жеке үйлөрдүн биринде жашы жете элек бала өз жанын кыйганы маалымдалган. 

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 2007-жылы туулган өспүрүмдүн сөөгүн табышкан. Жансыз денеге сырттан кароо жүргүзгөн учурда эч кандай жаракаттар байкалган эмес. 

Маалым болгондой, маркум бир жума мурун Ботаникалык бакчада бычакталып каза тапкан өспүрүмдүн классташы жана жакын досу болгон. Белгилей кетсек, шектүү кармалган.