Ошто окуучу кыз 60 даана дары ичип каза болгон

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүндө июнь айынын башында окуучу кыз 60 даана дары ичип каза болгон. Бул тууралуу Turmush басылмасы өздүк булактарына таянуу менен билдиришти.

Маалыматка ылайык, маркум 9-класстын окуучусу болгон. Маркумдун ата-энеси мигранттар болгондуктан ал тууганынын үйүндө жүргөн.

Ал эми Ош ОИИБи туристтик сезондун башталашы менен мындай терс мүнөздөгү маалыматтар берилбей жатканын билдирди.