Жасалма документтер менен жер саткандар кармалды

Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл аймагы турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн адиси И.Х. жана аталган айылдын тургуну А.К. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Чүй облусундагы мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин арасындагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесине (“Документтердин жасалмасын жасоо”) жана 209-беренесине (“Алдамчылык”) ылайык  Сокулук районунун Жаңы-Пахта а/а турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн адиси И.Х. жана аталган айылдын тургуну А.К. кармалды.

“Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында аталган адамдар жасалма документтерди жасап, жалпы аянты 13 гектардан ашык айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамсыз каттап алышканы аныкталган, муну менен алар мамлекетке 7 миллион сом зыян келтирген.
2023-жылдын 15-июнунда Сокулук районунун Жаңы-Пахта а/а адиси И.Х. жана аталган айылдын тургуну А.К. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”,- деп айтылат маалыматта. 

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

gknb kr zaderzhany spetcialist zhkkh zhany pakhtinskogo aa sokulukskogo 6 Жасалма документтер менен жер саткандар кармалды