«Каракол» аэропортунун жетекчилигине карата кылмыш иши козголду

УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан «Каракол» аэропортунун жетекчилигине карата Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Каракол» аэропортунун кызмат адамдары жеке кызыкчылыгын көздөп, аэропорттун атайын техникасын жана жабдууларын, баалуу металлдарды чыгарып алган адамдарга мыйзамсыз сатып жибергендиги аныкталган.

Ошентип, көрүлгөн чаралардын жана уруксат берилген издөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Каракол шаарында алтынды аффинаждоочу жер астындагы лаборатория табылган, кийин ал тиешелүү профилдеги экспертизанын корутундусу менен тастыкталган.  Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, 29-апрелде президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында «Каракол» эл аралык аэропортунун аэровокзал комплексинин жаңы имаратынын курулушу менен таанышкан.

whatsapp image 2023 05 18 at 14.15.22 «Каракол» аэропортунун жетекчилигине карата кылмыш иши козголду
whatsapp image 2023 05 18 at 14.15.24 «Каракол» аэропортунун жетекчилигине карата кылмыш иши козголду
aeroport issykkul «Каракол» аэропортунун жетекчилигине карата кылмыш иши козголду