Чаекте 21,9 млн сомго машыгуу залы салынды

Жумгал районунун Чаек айылында күрөш залынын курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, машыгуу залы Финансы министрлиги аркылуу каржыланып, Жумгал районунун өнүктүрүү Фонду тарабынан ишке ашырылды. Долбоордун жалпы суммасы 21,9 млн сомду түзөт.

Анын ичинен министрлик аркылуу каржыланган сумма — 18,7 млн сом, ал эми Чаек айылынын өкмөтүнүн өздүк салымы 3,2 млн сомду түздү.