Марлен Маматалиев онлайн-казинолор элди кууратып жатканын айтып, тез арада жабыш керектигин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев онлайн-казинолор элди кууратып жатканын айтып, тез арада жабыш керектигин айтты.

Депутат президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, жыйын учурунда онлайн-казино кандай иштээрин да көрсөтүп берди.

“Алмасбек Ахунжанович, жыйындын башында сиздин жакшы көргөн саныңызды сурасам “7” дедиңиз, меники – 17. Азыр ошол сандарды колдонуп онлайн-казино ойноп көрөлү. Бүгүнкү күндө биздин 100 миңдеген жараныбыз ачык эле казиного кирип мындай ставкаларды коюп, сызга отуруп калууда. Түштүк регионуна барып өз көзүм менен көрүп келдим. Үйүндөгү сыналгысын, апасынын алтын шакек, чынжырчаларын уурдап, машинасын сатып жатат. Үйүн күрөөгө койгондор бар. Бул “русская рулетка” сыяктуу айланып, ар мүнөт сайын ойноло берет экен”, — деди Маматалиев.

Оюндун жыйынтыгында “рулетка” 8 санына түшүп, депутат менен президенттин өкүлү утулуп калды. Маматалиев эл дал ушинтип алданып калып жатканын айтты.

“Сайттын аты Ringo Trade. Аны инвестициялык брокер, форекс-биржа, аукциондук брокер деп ар кандай жолдор менен ачкан. Бишкекте 10 жерде, Ош шаарында эки, Кара-Суу районунда бир жерде иштеп жатат. Көз көрүнөө эле элди кыйнашууда. Бул ачык эле шылуундук, эч качан жеңиш алып келбейт, аны эл билбей жатат”, — деди эл өкүлү.

Мындан улам ал тез арада Финансы рыногун көзөмөлдөө кызматына, Санариптик өнүктүрүү министрлигине тапшырма берип, ушуга окшогон сайттарды бөгөттөп, кеңселерин жабуу керектигин билдирди.