ВИДЕО. Эльвира Сурабалдиева: УТРК Кошалиевди кызматтан кетириши керек же Бакиевди реабилитациялоо процесси башталдыбы?

Жогорку Кеңештин 18-майдагы жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева мурунку президент Курманбек Бакиевдин акыркы маегине токтолду.

Ал УТРКнын журналисти, аксакалдар курултайынын төрагасы делген Кадыр Кошалиев жүзгө жакын кыргызстандыктын өлүмүнө себепкер болгон качкын президент Курманбек Бакиевден интервью алганын айтты.

«Эмне үчүн каалаган фактыларды өзүнө ыңгайлуу кылып айтып, актанып жаткан президенттин сөзүн чыгарып жатышат? Менимче, бул журналисттин курултайды жетектөөгө укугу жок. Көзөмөлгө алгыла. Туура эмес болуп жатат», — деди депутат президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып.

Эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева УТРК Кошалиевди кызматтан кетириши керек же Бакиевди реабилитациялоо процесси башталдыбы деген суроого түз жооп бериши керек деп эсептейт.