Бишкектин айрым райондорунда жарык өчөт

Борбор калаанын кээ бир жерлеринде 1-март күнү, жарык өчөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык электр тармактары ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда,  жабдыктар текшерилип, оңдоо иштери аткарылат.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
9:00-17:00 — 5-кичи райондогу № 57 үй, Чүй, Эркиндик проспектилеринин бөлүктөрүндө, Медеров, Бектенов, Кольцевой, Жакыпов, 8-март, Калык Акиев, Киевский көчөлөрүндө, Февральский, Кисловодский туюк көчөсү, Ак-Өргө (Тимур Фрунзе, Соң-Көл, Ахунбаев, Ынтымак, Каркыра, Кара-Шоро, Бакдөөлөт, Садыр-Аке көчөлөрү) конушунда, Төмөнкү Ала-Арча (Кыргыз, Панфилов, Чагай көчөлөрү, Колхозный тар көчөсү), Пригородное (Береговая, Дорожная көчөлөрү);
9:30-12:00 — Белинский, Витебский, Манас, Можайский, Щербаков көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Витебский жана Снегиревский тар көчөлөрү;
9:30-14:00 — Достук (№ 1, 4, 5, 6, 8, 9, 9в, 10, 10в үйлөр) кичи району;
13:00-17:00 — Профессор Зимы, Саадаев, Улукман жана Умай-Эне көчөлөрүнүн бөлүктөрү.