Жаңы келген өрт өчүрүүчү автоунаалар тапшырылууда

Россиядан гуманитардык жардам иретинде өлкөгө 40 өрт өчүрүүчү автоунаа келди. Бүгүн, 1-мартта Бишкектин эски аянтында техниканы салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи өтүп жатат. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министри Александр Куренков катышууда.

Маалыматка караганда, өрт өчүрүүчү унаалар эки өлкө президенттеринин буга чейинки макулдашуусунун негизинде грант катары берилди.

1-февралда президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Кытайдан грантка келген 100 даана техниканы тапшырган. Алардын 85и өрт өчүрүүчү автоунаа болгон.