Коррупцияга каршы коомдук бирикменин мүчөсү кармалды

«Мыйзам Нуру коррупцияга каршы коомдук жардам» коомдук бирикмесинин Т.Г.Б. аттуу инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, ага карата Кылмыш кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Т.Г.Б. аттуу жаран Жалал-Абад облусундагы бала бакчалардын биринин директорун, колунда бар делген компроматты укук коргоо органдарына өткөрүп берем деген коркутуу менен акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды», — деп билдирет УКМК.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Тергөө иштери жүрүп жатат.