Жангазиев кайрадан саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды

КР Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча жаңы орун басары тааныштырылды.

Ведомстводон билдиришкендей, КР министрлер кабинетинин буйругу менен Бакыт Жангазиев министрдин орун басары болуп дайындалды.

Нурийпа Шериева министрдин сунушу менен ээлеген кызматынан бошотулду.

Министрдин жаңы орун басарын жамаатка президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин эксперттөө бөлүмүнүн башчысы Жетиген Бакиров тааныштырды.

Эскерте кетсек, Жангазиев мурда ушул кызматты аркалаган.