Депутаттар эки күндүк маянасын Түркияга которот

Жогорку Кеңештин депутаттары эки күндүк маянасын Түркияга которот. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда өткөн парламент жыйынында белгилүү болду.

Депутат Акылбек Түмөнбаев Түркиядагы зилзаланын кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү максатында кесиптештерине эки күндүк маянасын которуу сунушун берди. Демилгени жалпы депутаттар колдоп, каражат которуу чечими кабыл алынды.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.