Төрага Нурлан Шакиев баштаган депутаттар Казакстанга жөнөп кетишти

Бүгүн, 9-февралда төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Казакстандын Түркестан шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекеттеринин парламенттеринин жетекчилеринин I форумуна катышуу үчүн жөнөп кетти.

Сапардын алкагында төрага бир катар жолугушууларды өткөрүп, Борбордук Азия чөлкөмүндөгү алакаларды арттыруу жаатында парламенттердин ролун жогорулатууга байланышкан иш-чараларга катышат.

Белгилей кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров, Марлен Маматалиев, Ырысбек Атажанов, Чыңгыз Ажибаев, Мейкинбек Абдалиев жана Фарходбек Алимжанов бар.