Каракчылыкка шектелген беш жигит кармалды


Жалал-Абадда каракчылыкка шектелип 5 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-декабрь күнү саат 22:00 чамаларда Базар-Коргон районунун 20 жана 19 жаштагы 4 тургуну Жалал-Абад шаарындагы боулинг ойноочу жайында ойноп жаткан учурда ошол жерди иштеткен Сыймык аттуу жаран шериктери менен уруп тепкилешип, бычак такап коркутушуп, жалпы баасы 50 миң сомдук 3 телефон, 2400 сом накталай акчасын жана спорттук кийимин карактап алып коюшкан.

Бул факты Жалал-Абад ОИИБге катталып, кылмыш иши козголгон.

«Кылмыш ишине шектелип, Базар-Коргон районунун 5 тургуну кармалган. Алар Талды-Булак айыл аймагынын тургундары экени такталып, далил буюмдар алынган. Шектүүлөр Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 13-февралга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.