Ошто таксисттерди тоноого шектүүлөр кармалды

Ош шаарында таксисттерди тоноого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, милицияга Кара-Суу районунун 23 жаштагы тургуну кайрылган. Ал арызында билдиргендей, шаарда такси кылып жүргөн учурда, ага эки бейтааныш балакелип, Курманжан Датка кичи шаарчасына жеткирип коюуну айткан. Кичи шаарчага жеткенде, анын Redmi 9S телефонун сүйлөшүп алуу үчүн сурап алып, качып кетишкен.

Ушундай эле арыз менен милицияга дары бир жаран кайрылган. Ал билдиргендей, Н. Исанов көчөсүндө такси кылып жүргөндө, белгисиз адамдар коркутуп, Redmi телефонун жана капчыгын тартып алган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 21 жаштагы И.А. жана 24 жаштагы Т.Д аттуу тургундары кармалган.

«Алгачкы сурак учурунда алар телефонду ломбардга коюп коюшканын айтышкан. Учурда телефон далил буюм катары ломбарддан алынды. Ошондой эле, капчык, анын ичиндеги жабырлануучуга таандык болгон документтер алынды», — деп билдиришти милициядан.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

xmycollages 16 1 Ошто таксисттерди тоноого шектүүлөр кармалды