ЭлТР көз карандысыз “ПолитКлиника” басылмасын сотко берет

ЭлТР мамлекеттик телеканалы көз карандысыз “ПолитКлиника” басылмасын сотко бере турганын билдирди. Бул тууралуу телеканалдын атайын чыгарылышында айтылат.

Белгилей кетсек, буга чейин телеканал Садыр Жапаров президент болуп турганда энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн бир дагы насыя алынбаганын көрсөткөн сюжет чыгарган. ПолитКлиника бул маалыматты калп деп атап, анын себебин расмий билдирүүлөргө таянуу менен түшүндүргөн.

Ал эми президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков бул тууралуу билдирип, макалада “ПолитКлиника” басылмасынын директору Дилбар Алимова журналисттин этикасын жана эки тараптын версиясын көрсөтүүнү камтыган объективдүүлүк принцибин бузду деген.

Ал эми “ПолитКлиника” басылмасынын директору Дилбар Алимова жаралган жагдай боюнча жооп берип, материалда айтылып жаткан ар бир маалыматка далил бар экенин билдирген.

«1. «Азаттыкты» жапканга аракет кылып жатышат.

2. «Кактусту» «Вечерканын» колу менен муунталы деп жатышат

3. Клоопту маданият министрлигинин колу менен жапканга аракет кылып, бирок болбой калды.

4. Болотту болсо чыгарып салды, эми фейктердин, жалданма журналисттердин колу менен дискредитация кылууга дагы эле аракет кылып жатышат.

5. 24.кжнин жетекчисин УКМКга суракка чакырды.

6. Ыдырыс Исаковду да суракка чакырып жатат.

7. Эми кезек «ПолитКлиникага» келиптир да. ЭлТРдин колу менен муунталы деп жатышса керек. Буюрганын көрөбүз. Башкысы биз жасаган иш ак, адал иш, тандаганыбыз таза жол, чындык!», — деген билдирүүсүн жазган.