Токмокто мыйзамсыз майнинг-ферма аныкталды

Токмок шаарынын аймагынан мыйзамсыз майнинг-ферма аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Токмок шаарындагы Шамшинская көчөсүндө жайгашкан майнинг-ферманын мыйзамсыз түрдө криптовалютаны ишин жүргүзгөндүгү аныкталган. Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө, Токмок шаардык салык кызматынын, Райондук электро станциясынын кызматкерлеринин жана КР жараны 1988-ж.т. Д.Т.А. катышуусунда гараждардын ичинде жайгашкан жер төлөөлөрдөн «S9» жана «L3» маркасындагы 24 даана криптовалюта жабдуулары табылып алынды.

«Ошол эле учурда бул жабдуулар электр эсептегичтерин айланып өтүп, Токмок электр бөлүштүрүүчү зонанын тармагына түз кошулган. Электр энергиясын пайдалануу мөөнөтүнүн негизинде мамлекетке алдын ала 1 миллион сомго жакын зыян келтирилген»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.