Эдил Байсалов: Далилдерди күтө туралы

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасап, саясатчы жана активисттердин кармалышы боюнча өз оюн билдирди.

Ал башка жарандар сыяктуу эле социалдык тармактардан камоолорду көрүп жатканын, бийликти басып алууга аракеттер болуп жатканын угуп жатканын, далилдерди күтө туралы деди.

Ошондой эле Кемпир-Абад суу сактагычына каршы чыккандарга ишенбөөгө чакырып, азыркы бийликтин туура жолдо кетип бара жатканын, колдоо керектигин билдирди.