Кемпир-Абад боюнча кармалгандар: “ынтымакты ыдыратуу аракети болуп жатат”

Кемпир-Абад боюнча камакта отурган саясатчы, активисттердин билдирүүсү Азимбек Бекназаровдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Анда алар тергөө тобунун башчысы тарабынан ынтымакты ыдыратуу аракети болуп жатканын белгилешкен.

Төмөндө текст өзгөртүүсүз берилди:

“8 айдан бери мыйзамсыз СИЗО-21де камакта отурушкан биздин ынтымакты бузуу үчүн, 8 ай бою токуган, жасалма ишти эптеп эле сотко түртүп жиберүү максатын ишке ашыруу үчүн, тергөө тобунун жетекчиси У.Жапеков Кемпир-Абадчыларды бөлүп, жаруу ыкмасын колдонууда.

7-июнда бир нече Кемпир-Абадчыларды СИЗОдон ГСУга атайын чакырган эмес. Бирок, Кемпир-Абадчылардын койгон талабынан кийин аларды ГСУга алып келүүгө аргасыз болгон.

Бирок 8-июнда ошол эле адамдарды СИЗОнун нөөмөт бөлүмүнөн артка кайтарткан. Мындай көрүнүш 9-июнда дагы уланган.

У.Жапековдун мындай арамза ою ишке ашпайт! 8 ай сынбаган, ынтымагын бузбаган Кемпир-Абадчылар акыйкат жеңишине чейин бир болот!”, – деп жазылат билдирүүдө.