Кемпир-Абад иши: журналистти күчтөп сот имаратынан чыгарышты

Бүгүн, 2-майда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бөгөт чарасын кароо пландалууда. Кемпир-Абад иши боюнча кармалгантактивист Эрлан Бекчоро уулунун соту саат 11:00гө белгиленген болчу.

Соттук жараян баштала электе сот кызматкерлери Govori. TV агенттигинин журналисттин күчтөп сот имаратынан чыгарып салышты.

Журналисттин айтымында, сот отуруму баштала электе эле кызматкерлер келип, сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салышкан.

«Видео же сүрөткө тартып баштаган эмесмин. Себеби отурум али баштала элек болчу. Сот кызматкерлери келип, сот имаратынын ичинен тартууга болбойт деп, эч себепсиз эле эшикке сүйрөп, күч менен чыгарып салышты», — деди аталган агенттиктин журналисти.