Ыдырыс Исаковго кол көтөргөн жаран милицияга сурак берүүдө

Журналист Ыдырыс Исаковго кол көтөргөн “Пансионат Ош” мекемесинин мурдагы директору Маматкарим Койчукулов милицияга алынып келингенин Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Маалым болгондой, Исаковдун алган жаракатын аныктоо үчүн соттук медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Ал эми Ак-Буура милиция бөлүмүнө алынып келинген.

12-июнда Ак-Буура милиция бөлүмүнө Ош шаарынын Шакиров көчөсүндөгү эс алуу борборунда ызы-чуу болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Тергөөнүн алгачкы маалыматына ылайык, Ыдырыс Исаков журналисттик иликтөө жүргүзүп жаткан учурда Маматкарим Койчукулов “Сенин уруксатсыз видеого тартканга укугуң барбы?” деп бетке чаап жибергенин жана камеранын микрофонун сындырып салганын билдирген.

Ал эми Маматкарим Койчукулов өзүн блогер деп тааныштырган Ыдырыс Исаков анын уруксаты жок видеого тарткандыгына байланыштуу ортодо пикир келишпестик чыкканын айткан.