УКМК: Чүйдө «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын он беш мүчөсү кармалды

Тыюу салынган уюмдун мүчөлөрүнүн кармалышы боюнча УКМК маалымат берди.

Ага ылайык, УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, тыюу салынган диний-экстремисттик агымдардын идеологиясын жайылтууга бөгөт коюу боюнча түшүндүрүү-профилактикалык иштердин жүрүшүндө, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында тыюу салынган «Йакын-Инкар» ДЭКнун мүчөлөрү тарабынан экстремисттик уюм түзүү фактысы аныкталды.

“Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 2-бөлүмү (экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) боюнча козголгон кылмыштын негизинде, 2023-жылдын 9-июнунда диний-экстремисттик кыймылдын 12 активдүү мүчөлөрү жашаган жеринде издөө иш-чаралары жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында экстремисттик мүнөздөгү тыюу салынган материалдардын олуттуу көлөмү табылып алынды, ошондой эле 15 жаран ИИБ жеткирилип, алардын Г.Ю. аттуу башчысы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, башка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам- тергөө иш-чаралары уланууда”, – деп айтылат маалыматта.

e90faf63 72b4 4c09 aa34 3109a8584b98 УКМК: Чүйдө «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын он беш мүчөсү кармалды
a38a7d37 4465 4919 8dc5 19c4f2744dee УКМК: Чүйдө «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын он беш мүчөсү кармалды
27302679 6517 4788 92b0 15ed321bb19d УКМК: Чүйдө «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын он беш мүчөсү кармалды
182c97ba 316f 4b52 acf0 2c131fb548da УКМК: Чүйдө «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын он беш мүчөсү кармалды
4d9ba056 7d22 4779 abff bdb4736672fe УКМК: Чүйдө «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын он беш мүчөсү кармалды