Биздин элибиз улуттук байлыгыбызды коргоп жатат, – Текебаев

Өмүрбек Текебаев Кыргызстандагы активист, саясатчылардын бирден кармалып жаткандыгы тууралуу пикирин билдирди.

“Асия Сасыкбаева Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова, Клара Сооронкуловалар жана башкалар эки жумага камакка алыныптыр. Мен алардын ниетин, иш-пландарын жакшы билем. Кыргызстанга салым кошкон инсандар, өздөрү иштери менен далилдешкен. Мен элим менен сыймыктанам. Кыргыз эли күжүрмөн эл. Кашык менен жыйнаганыбызды чөмүч менен чачпайлы. Ойлоп көрсөм Кыргызстандын эки байлыгы бар. Эгемени жана географиялык орду. Суу байлыгыбыз бул тоолор. Бүгүн биздин элибиз мына ушул улуттук байлыгыбызды коргоп жатышат. Бул биздин укукгубуз жана милдетибиз!

Мен кармоо, камоо, зордоо туңгуюкка алып барат. Эгер бирөө башаламандык кылып басып алабыз дешсе, алар мыйзам алдында жооп берет. Мен ойлойм кармалгандар бүгүн-эртең кое берилет деп.

Мен Кыргызстанда акыл-эс үстөмдүк кылат деп ишенем”, – дейт ал.