Өмүрбек Текебаев: Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 180 млн АКШ долларын түздү

Бүгүн, 20-июндагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин 2022-жылга жана 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угулду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

200623163045 8 Өмүрбек Текебаев: Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 180 млн АКШ долларын түздү

Аталган маселе боюнча Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев баяндама жасады. Алсак, ал эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн негизги багыттарына токтолуп: «Белгиленген аралыкта элчиликтин ишмердүүлүгү мамилелердин бардык аспектилери боюнча кыргыз-немис кызматташтыгын кеңейтүүгө, ошондой эле Германиядагы мекендештерибиздин укуктарын коргоого багытталган», — деди.

Ал эми соода-экономикалык алакаларга токтолгон Өмүрбек Текебаев акыркы бир жылда эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 180 млн АКШ долларын түзгөнүн белгилеп: «Кыргыз Республикасынан Германияга экспорттун көлөмүн көбөйтүү боюнча иштер аткарылып, эки өлкөнүн ишканаларынын ортосунда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, Кыргызстанга инвестицияларды тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө», — деп кошумчалады элчи.

Баяндамачыны уккандан кийин комитет мүчөлөрү бир катар маселелерди ортого салышты. Тактап айтканда, депутаттар Германиядагы кыргызстандыктардын укуктук абалын жакшыртуу, аларды ишке орноштуруу маселелерине көмөк көрсөтүү боюнча элчиликтин аракеттерин күчөтүүгө чакырышты. Буга Өмүрбек Текебаев Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен Германиянын иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумдун алкагында Кыргызстандын жаштарын Германиянын орто техникалык окуу жайларына үч жылдык окууга тапшыруу боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын маалымдады.

200623163038 1 Өмүрбек Текебаев: Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 180 млн АКШ долларын түздү