ВИДЕО: Шопоков шаарындагы ири өрт унааларды да жалмады

Чүйдөгү Шопоков шаарындагы ири өрттү 8 күжүрмөн топ өчүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Белгилей кетсек, Сокулук районунун Шопоков шаарында темир жолу бекетинин аймагында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Видеодон унаалар кошо күйүп жатат.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМден жалпы жерине 8 күжүрмөн эсеп, Чүй облусунун башчысы жетектеген ыкчам топ жана ККББдан ыкчам топ, Кыргыз темир жол ишканасынан 1 өрт өчүрүүчү поезд, 103 кызматынан 3 тез жардам унаасы тартылган.

fb img 1687266656146 ВИДЕО: Шопоков шаарындагы ири өрт унааларды да жалмады