Милиция: Таласта 32 баш жылкы изделүүдө

Ушул жылдын 4-июнунда ​Талас РИИБне Көпүрө-Базар айылынын тургуну 1984-ж.т. М. Б. ​ 2023-жылдын 28-майынан бери Талас районунун Көпүрө-Базар айылына караштуу Кум-Бел жайлоосунда бош жайылып жүргөн 17 баш бээсин, 1 баш байталын, 1 баш айгырын жана 13 баш кулунун жалпысынан 32 баш жылкысын белгисиз себептер менен таппай жаткандыгын билдирген.

Бул тууралуу Bulak.kg редакциясына облустук милициядан билдиришти.

Окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам-тергөө тобу чыгып, төмөндөгүлөр аныкталган:Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын чыгыш тарапты көздөй 22 км. аралыкта Ү.Малабековду мал-кашары жайгашып, андан нары түндүк-чыгыш тараптагы 17 км. алыстыкта Кум-Бел жайлоосунда ага тиешелүү жалпы 32 баш жылкы жайылып жүргөн. Акыркы ирет 28.05.2023-жылы​ Б.Малабеков малын түгөлдөп санап кеткен.​ Шек жараткан ​эч нерсе байкаган эмес жана анын берген сурагына ылайык 31.05.2023-жылы саат 11:00 чамасында Б.Малабеков издеп таппай калганы аныкталган.

Аталган факты боюнча Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын Малабеков Үсөнбек ​арыз менен кайрылган, арызында 31.05.2023-жылдан бери Талас районунун Көпүрө-Базар айылына караштуу Кум-Бел жайлоосунда бош жайылып жүргөн өзүнө тиешелүү 1 баш айгыр, 1 баш байтал, 13 баш кулун жана 17 баш бээсин белгисиз себептер менен таппай жаткандыгын билдирип6 издөөдө көмөк көрсөтүп берүүнү суранган.

Натыйжада Б.Малабековго болжолу менен 1​ 810​ 000 миң сомдук материалдык​ чыгым келтирилген.

Бул факты боюнча 14.06.2023-жылы Кыргыз Республикасынын КЖКнын 205-бер. 3-бөл. 1-п.,​ көрсөтүлгөн кылмыштын курамы менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Талас РИИБдин башчысынын ​ буйругу менен аталган кылмыш ишинин бетин ачуу максатында, Талас РИИБнүн өздүк курамынын кызматкерлеринен турган​ тергөө-оперативдик тобу түзүлүп жана иш-мерчемдер түзүлгөн.

Кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин КИБнө, Талас ОИИБ менен РИИБдин КИБне тергөө тапшырмалары берилген.

Ошондой Кыргыз Респуликасынын аймактык ички иштер органдарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекетине комитетинин Мамлекеттик чек ара кызматынын 2029 аскер бөлүгүнө жана Жамбыл облусунун полиция департаментине багыттамалар берилген.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 19-бер. талаптарына ылайык Талас РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан​ кылмыш жасоого көмөк көрсөткөн себептерди жана шарттарды жоюу жөнүндө УКМКнын Талас чек ара башкармалыгына, Талас райондук Администрациясына жана Талас райондук ветеринардын башкармалыгына токтомдор жөнөтүлгөн.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Азыркы күнү аталган кылмыштын бетин ачып, кылмышка тиешелүү адамдардын өздүгүн тактоо максатында тергөө-оперативдик иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.