Байсалов депутаттарга: Элдин атынан мага сүйлөбөгүлө

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитет жыйыны өттү. Анда “Улуттук илимдер академиясынын Э. Гареев атындагы ботаникалык багы илим-изилдөө институтун сактоо жана өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жогорку Кеңештин 2022-жылдын 11-майындагы токтомунун аткарылышы тууралуу маселе каралды.

Жыйында депутаттар тарабынан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун дарегине бир катар сындар айтылып, кайым айтышуулар орун алды.

Депутат Гүлжан Молдобекова министрлер кабинентинин орун басарына кайрылып, аны эч ким тилдебегенин айтты: Эдил Жолдубаевич, сизге бизди башкарганга укук берилген эмес, мен чыдабай кеттим. Сизди эч ким тилдеген жок, сизге сунуштар берилди.