“Тапканга үйүрдөн бир бээ берилет”: Таласта баасы 2 млн сом болгон үйүр жылкы жоголду

Таластын Көпүрө-Базар айылындагы Кумбел жайлоосунда баасы 2-2,5 млн сомдук бир үйүр жылкы — 19 баш жылкы 13 кулуну менен жоголду.

Жылкылардын ээси Бактыбек Малабеков кайрылып, коомчулуктан мал-жандыгын табууга жардам берүүнү сурады.

Бактыбек Малабековдун айтымында, жылкылары май айынын аягында жоголгон. Ал 28-майда жайытка барып, жылкыларын түгөлдөп кеткен. Арадан үч күн өткөндөн кийин 31-майда кайра малды караганы барганда жылкыларын таппай калган. Үйүрдө 17 бээ, бир байтал, бир айгыр, 13 кулун, жалпы 32 баш болгон. Ошондой эле, үч бооз бээ жакынкы арада туумак. Үйүрдөгү айгыр менен алты бээ жээрде кашка, төртөө кара, экиден кара кашка, тору, карагер бээлер, бир боз (көк) жана бир сары бээ болгон.

Бактыбек Малабеков жылкылары уурдалган болушу мүмкүн деп ойлойт. Ал Көпүрө-Базар айылы Казакстандын Жамбыл облусу менен чектешкендиктен, жылкылар коңшу мамлекетке чыгарылып кеткен деп да күмөн саноодо.

Баасы 2-2,5 млн сомдук бир үйүр жылкысы жок болуп жатканын айткан Бактыбек Малабеков милиция кызмактерлеринен издөө иштерин активдүү жүргүзүүсүн суранат.

Ошондой эле, ал коомчулукка кайрылып, жылкыларын көргөн-билген же табууга жардам бере турган маалыматы бар адамдардан көмөк сурайт. Жылкыларын табууга жардам берген адамга сүйүнчү катары үйүрдөн бир бээ берилет.

Жоголгон жылкылар тууралуу маалыматы бар адамдар 0771 88 55 84, 0222 45 87 84 же 0220 09 43 65 номерине байланышса болот.

zhylky "Тапканга үйүрдөн бир бээ берилет": Таласта баасы 2 млн сом болгон үйүр жылкы жоголду
bee "Тапканга үйүрдөн бир бээ берилет": Таласта баасы 2 млн сом болгон үйүр жылкы жоголду
beee "Тапканга үйүрдөн бир бээ берилет": Таласта баасы 2 млн сом болгон үйүр жылкы жоголду