Айтматов РИИБи жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргелешип видео көзөмөл орнотту


Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, кылмыштуулукту алдын алуу максатына Айтматов РИИБдин кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жүргүзүлдү.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын № 103 мыйзамынын, Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти коргоонун, калктын саламаттыгын жана адептүүлүгүн сактоонун, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун конституциялык ченемдерине ылайык, ушул Мыйзам аркылуу менчигинин түрүнө карабастан имараттарды жана курулмаларды сырткы видео байкоо тутуму менен милдеттүү түрдө жабдуу, сырткы видео байкоо жөнүндө талаптарды аткаруу зарыл.

“Айтматов районунун Ак-Башат, Кара-Сай жана Маймак айыл аймактарында, борбордук көчөлөргө жана кооптуу жерлерге жогорку сапаттагы видео көзөмөлдөөчү камералар орнотулду. Видео байкоочу камералардын максаты кылмыштуулуктун жана ар кандай коомго коркунуч жаралган окуяларды алдын алуу жана болтурбоо болуп саналат.
Азыркы учурда 6 жогорку сапаттагы видео байкоочу камералар ишке киришти. Жакынкы убакытта Айтматов районунун айыл аймактарында кошумча камералардын коюлушу күтүлүүдө”, – деп айтылат облустук милициянын маалыматында.

243a7516 0c76 41a3 b6a8 4f4576a2a5fe Айтматов РИИБи жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргелешип видео көзөмөл орнотту

247e5be8 3a84 49b5 ac1b 549d39547634 Айтматов РИИБи жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргелешип видео көзөмөл орнотту